Popis: |
Макалада коммуникациянын адамдар арасында өз ара байланыштын өзгөчө формасы катары каралат. Коммуникация бир эле адамга эмес, бардык тирүү жандарга таандык экени, коммуниканттардын да көп түрдүүлүгү каралат. Сүйлөшүү адамдардын жашоосун, өнүгүшүн, жүрүм-турумун, дүйнөнү жана дүйнөнүн бир бөлүгү катары өзүн таанып билүүсүн башкарат. Сүйлөшүү - адамзаттын жашоосунун негизи. Азыркы учурдагы элдердин, тилдердин, маданияттардын аралашуусу чексиз абалга өсүп жеткен мезгилде алар менен сый мамиле жасоо жана кызыгууну пайда кылуу, башка маданияттардын артыкчылыгына, кемчилигине же жөн эле окшош эместигине б.а. башка маданиятка шайкеш тарбиялануу маселеси пайда болгондугу каралат. Ошондуктан коммуникация, анын фунциялары, коммуниканттар маданият аралык, эл аралык коммуникация маселесине көңүл бурулду. |